Калпаев Россиянын абактарында отурган кыргызстандыктарды экстрадициялоо аракетин тездетүүнү сунуштады
14 январь

Калпаев Россиянын абактарында отурган кыргызстандыктарды экстрадициялоо аракетин тездетүүнү сунуштады

Депутат Бактияр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында чет өлкөлөрдүн абагында бүгүнкү күндө бир жарым миңдей кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирди. 

Айтымында, алардын басымдуу бөлүгү Россиянын абактарында отурушат. 

“Билбестиктен же “подстава” менен абакка түшүп калгандар бар, бул да болсо тагдырдын буйругу. Ошолорду Кыргызстанга которуу боюнча иштерди алып барууну тездетсек. Россиянын абактарындагылар аскерге алып кетүү коркунучтарына туш келиши мүмкүн. Бир жарым миң деген бул жөн гана сан эмес, бул биздин жарандар. Арасында беш жылдап экстрадициялоону күтүп отургандар бар. Аларды бул жакта ата-энелери, жакындары күтүп жатышат. Мамлекет өз жарандарын коргоого алууга милдеттүү”, – деди депутат.