Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарын текшерүүсү зарыл
Мамлекеттик салык кызматы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү өздөрүнүн салыктык каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырат.
Текшерүүнү юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жеке ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндө, №24 жана №25 формаларында жүргүзүшү керек.
Төмөнкү маалыматтарга өзгөчө көңүл буруу сунушталат:
- катталган райондун иш жүзүндө ишкердик жүргүзүлгөн жерге же мүлк жайгашкан жерге туура келиши;
- салыктардын жана колдонулган салык режимдеринин туура көрсөтүлүшү;
- байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугу.
Эгерде дал келбестиктер аныкталса, аларды төмөнкүдөй жол менен жоюуга болот:
- мүмкүн болушунча тез арада катталган жер боюнча аймактык салык органдарына кайрылуу;
- жеке ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөөчүнү кайра каттоо» онлайн кызматын пайдалана алышат.
Этап-этабы менен көрсөтүлгөн видео нускама төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=NmgvOs96JQQ.
Белгилей кетсек, каттоо маалыматтарынын туура эмес же дал келбеши салык милдеттенмелеринин туура эмес эсептелишине, салыктык башкаруу чараларынын колдонулушуна (анын ичинде эсептерге чектөөлөр коюлушуна), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылууга алып келиши мүмкүн.
