Кыргызстан менен Эфиопия кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулашты
28 апрель

Кыргызстан менен Эфиопия кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулашты

2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын тышкы иштер министри Гедион Тимотевос менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

Анын жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекеттердин тышкы саясат мекемелери арасындагы байланыштарды жандандырууну макулдашты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.