Вакцина кампаларындагы температура эми алыстан көзөмөлдөнөт
8 октябрь

Вакцина кампаларындагы температура эми алыстан көзөмөлдөнөт

Кыргызстандагы областтык вакцина сактоочу кампалар температураны алыстан көзөмөлдөөчү приборлор менен жабдылды. Б

ул технология өзгөчө кырдаал болгон учурда тез чара көрүү үчүн муздак бөлмөлөрдөгү температураны реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мониторинг жасоого мүмкүндүк берет. Вакцинаны сактоого талап кылынган температурасы өзгөрсө, аппарат жооптуу кызматкерлерге температуранын өзгөрүшү жөнүндө билдирүү жөнөтөт.

Бул демилге GAVI, ДССУ жана ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынган вакциналарды сактоону жана жеткирүүнү жакшыртуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин ири долбоорунун бир бөлүгү.