Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды
www
21 май

Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды

КР УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Манас шаарындагы Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 288 597 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгенин аныктады.

Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн КР Президенттик фондунан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.