Жогорку Кеңештин депутаттары 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштешет
31 октябрь

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштешет

Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, 2024-жылдын 4-ноябрынан тартып 6-ноябрын кошуп алгандагы мезгил КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.