Жээнбек Кулубаев Мальтанын ТИМ башчысы Иан Борч менен телефон аркылуу сүйлөштү
КР ТИМ
13 март

Жээнбек Кулубаев Мальтанын ТИМ башчысы Иан Борч менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 12-мартта Мальта Республикасынын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Иан Борч менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тараптар кыргыз-мальта мамилелеринин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.