“Социалдык контракттан” берилген каражатты максатсыз жумшаса эмне болот?
6 февраль

“Социалдык контракттан” берилген каражатты максатсыз жумшаса эмне болот?

Кыргызстанда 2025-жылы “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында, 13 331 үй-бүлө 150 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөм алышкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов билдирди.

Айтымында, социалдык контракт берүүдө эки талап бар:

  • өз ишин ачуу;
  • жумуш орундарын камсыздоо.

“Социалдык контракт” долбоору 2022-жылы иш жүзүнө ашырыла баштаган. Андан бери 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түздүк. Ар кандай кырдаалдар болот, арасында ошол акча менен жеке ишин ачып, турмуш шартын жакшыртып алгандар болду, форс-мажор учурлары да кездешпей койбоду. Бирок ийгиликтүү ишин жөндөп кеткендер басымдуулук кылат. Ушул жылдар аралыгында 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси миллион сомго жеткенин аныктадык. 51 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү. Жалпысынан долбоордун шарапаты менен 203 миң жарандын жашоо-турмушу жакшырууда”, – деди ал.

Ал белгилегендей, бир жолку төлөмдүн өлчөмү инфляцияны эске алуу менен 2025-жылы 100 миң сомдон 150 миң сомго жогорулатылган.

Токтосуновдун айтымында, эгерде социалдык келишим менен берилген каражат максатка туура келбеген жактарга, мисалы, карыздарынан кутулууга же күнүмдүк тиричиликке жумшалса жана бул тийиштүү кызматтар тарабынан аныкталса, анда берилген сумма кайра мамлекетке кайтарылып алынат.

Төлөмдү алуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттен жөлөкпул алган ар бир жаран бизнес-планын түзүү менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактардагы башкармалыгына кайрыла алышат. Башкармалыктардын адистери аларга бизнес-планын жөндөөгө жардам беришет жана ар үч ай сайын мониторинг жүргүзүп турушат.