Сокулук РИИБ кызматкерлери район аймагында “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө
6 февраль

Сокулук РИИБ кызматкерлери район аймагында “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 6-январынан 26-февралына чейин «Арсенал» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын негизги максаты – Сокулук районундагы жарандык курал-жарактарды текшерүү жана инвентаризациялоо болуп саналат. Ошондой эле, курал-жарактардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

2026-жылдын 6-январынан бугунку күнгө чейин Сокулук районунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында курал-жаракка ээ болгон 459 жаран текшерилди. Анын ичинен:

  • 68 жаран сайлуу куралдын ээлери,
  • 305 жаран сайсыз куралдын ээлери,
  • 75 жаран газ-травматикалык куралдын ээлери,
  • 11 жаран сыйлыкка берилген куралдын ээлери экени аныкталды.

Иш-чаранын алкагында 14 мергенчи-ышкыбозго Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133 жана 134-беренелерине ылайык протоколдор түзүлдү. Жалпы суммасы 42 000 сом болгон айып пул салынды, анын ичинен 12 000 сом өндүрүлдү.

“Арсенал” аталышындагы иш-чарасынын алкагында жалпысынан 35 даана курал алынды, анын ичинде:

  • 1 даана сайсыз ок атуучу курал (мыйзамсыз жүгүртүүдөн),
  • 50 даана 5,6 калибрдеги ок,
  • 5 даана сайсыз ок атуучу курал – жарандар өз ыктыяры менен тапшырган.

Мындан тышкары:

  • 1 даана пневматикалык курал – үй-бүлөлүк зомбулук фактысына байланыштуу,
  • 10 даана курал – ээсинин каза болушуна байланыштуу,
  • 14 даана курал – ар кандай укук бузуулар боюнча,
  • 4 даана курал убактылуу сактоого алынды.

Белгилей кетсек, “Арсенал” ыкчам-алдын алуу рейддик иш-чарасы 2026-жылдын 26-февралына чейин улантылат.