Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат
Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргыстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, 18-февралда кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде таравих намазы окулат.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.
