Президент айыл ичиндеги жолдорду оңдоого убактылуу тыюу салганын айтты
Президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда өлкөнүн ички жолдору кийинки этапта жасалаарын айтты.
Президент белгилегендей, ал ички жолдорду жакын арада жасоого тыюу салган.
“Биз биринчи чоң жолдорду, эл аралык маанидеги жолдорду жасап бүтүрөбүз. Бир чакырым, эки чакырым жолдорду жасаш кымбатка турат. Бир эле айылга техниканын баарын алып келип, асфальт ташып келүү кыйын. Ошондуктан биринчи чоң жолдорду бүткөргүлө, андан кийин айылдардын ичине өткүлө дегем. Болбосо бизде кандай болот, бир депутат шайлоо учурунда келет, добуш ала калайын деп жол жасап берүүнү убадалайт. Анан кийин министрди коркутат, жасабасаң кыйкырып чыгам деп. Ошондуктан, майда жолдорду токтотуп тургула дегем. Мамлекеттик акчасы кетип жатат. Кийин 5-10 айылдыкын бириктирип бир жасайбыз”, – деди президент.
Жапаров 30 жылда өлкө боюнча 200 чакырым жол жасалганын, ал эми 2025-жылы 1,5 км жерге асфальт бастырылганын белгилеп: “Быйыл, давай, 2 миң кмга чыккыла деп атам”, – деди.
Белгилей кетсек, райондогу Ача-Кайың айылынын Чыңгыз аттуу тургуну айылындагы 3,5 км жолдун акчасы чечилип, тендер жүрүп, эми гана башталайын дегенде Транспорт министрлиги тарабынан тоскоолдук болуп жатканын президентке билдирген болчу.
