Каракол шаардык “Тазалык” ишканасына төрт жаңы кызматтык  автоунаа тапшырылды
Каракол шаардык мэриясы
21 май

Каракол шаардык “Тазалык” ишканасына төрт жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Каракол шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына төрт жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Жаңы автоунаалардын ачкычын Каракол шаарынын мэринин орун басары Нурлан Момбеков тапшырып, ишкананын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, аталган автоунаалар ишкананын ишин жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо жана коммуналдык кызматтарды заман талабына ылайык жүргүзүү максатында лизинг аркылуу алынды.

Жаңы техникалар шаардын көчөлөрүн тазалоо, коммуналдык иштерди уюштуруу жана күнүмдүк кызматтык тапшырмаларды аткарууда пайдаланылат.