Таластыктар Саламаттык сактоо министрлигине эң төмөнкү аймактык бааны беришти
Талас облусунун жашоочулары жарандардын коррупциянын деңгээлин жеке кабыл алуусунун индексинде Саламаттык сактоо министрлигине эң төмөнкү аймактык бааны беришти.
Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча маалыматына ылайык, облуста Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчү минус 8,3 баллды түздү.
Бишкек шаарында да ведомствонун көрсөткүчү терс болуп, минус 0,1 баллды түздү.
Чүй облусунда Саламаттык сактоо министрлиги 10,3 балл, Жалал-Абад облусунда 28,6, Ош шаарында 35, Ош облусунда 36 балл алды.
Ал эми Нарын облусунда 63,5 балл жана Баткен облусунда 62,4 балл катталды. Ысык-Көл облусунда көрсөткүч 52,1 баллды түздү.
Кыргызстан боюнча орточо эсеп менен Саламаттык сактоо министрлиги 21,9 балл алды. Бул бардык министрликтердин ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болду.
