Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиядагы өкүлчүлүгүн өнүктүрүү маселесин талкуулады
Башкы прокуратура
10 август

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиядагы өкүлчүлүгүн өнүктүрүү маселесин талкуулады

Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин убактылуу аткаруучу Малик Бектурганов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин аткаруучу катчысы Ю.Н. Жданов менен жолугушту. 

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 10-августта өткөн.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КМШга катышкан мамлекеттердин прокуратура органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулап, эл аралык укуктук кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана Башкы прокурорлордун координациялык кеңешинин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Өзүнчө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу мындан аркы кадамдарга көңүл бурулду. Тараптар бул багыттагы уюштуруучулук жана практикалык маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин аткаруу катчысы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган кыргыз тараптын чараларына колдоо көрсөтүп, Координациялык кеңештин компетенциясынын чегинде зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, калыптанган жумушчу байланыштарды өнүктүрүүгө жана КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.