Кырчын жайлоосунда 9 жаштагы бейтапка ыкчам медициналык жардам көрсөтүлдү
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда тез жардам кызматына 9 жаштагы кыз дем алуусу кыйындагандыгына байланыштуу кайрылган.
Медициналык кызматкерлер жеринде бейтаптын абалына баа берип, тез жардам унаасы менен мобилдик госпиталга жеткиришкен.
Мобилдик госпиталда педиатрдын кароосунан кийин кызга алгач ирет аныкталган бронхиалдык астма диагнозу коюлган. Бейтапка абалын турукташтырууга багытталган тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Андан ары тар адистердин кароосунан өтүп, тиешелүү дарылоону улантуу үчүн бейтап Чолпон-Ата шаарындагы медициналык мекемеге жөнөтүлгөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги аянтчаларда медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, катышуучуларга жана конокторго өз убагында медициналык жардам көрсөтүүдө.
