Чукул билдирүү. 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар
www
10 май

Чукул билдирүү. 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти өлкө аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүн алдын ала кабарлайт.

Ушул жылдын 10-майынан 12-майына чейин аномалдуу жаан-чачындын кесепетинен республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар.

Дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүп, таш кулоо процесстеринин активдешүүсү күтүлөт.

​ӨКМ тарабынан Жарандык коргонуу кызматтарына кырсыктардын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына сел өтүүчү сайларды, каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин күчөтүү эскертилет.

Жарандарга ӨКМ төмөнкүлөрдү сунуштайт:

​Кооптуу аймактарда жашаган тургундар убактылуу коопсуз жайларга чыгып туруусу зарыл.

​Тоолуу аймактарга жана алыс сапарга зарылчылык жок болсо чыкпай туруу сунушталат.

Өзгөчө кырдаалдардын белгилери байкалганда токтоосуз 112 бирдиктүү номерине чалыңыз.