Базар-Коргон районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды
Күн мурун, 17-февралда Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагында курулушу башталган социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.
Долбоордун алкагында 10 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана мектеп курулат.
Долбоор “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
