Бишкекте 60 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды
2025-жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын күз мезгилинде “А.” аттуу жаран ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Маевка айылындагы 396-контурдан жер берем деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу арыз ээсине таандык баасы 30 000 АКШ долларын түзгөн 2007-жылкы ак түстөгү “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаасын жана баасы 30 000 АКШ долларын түзгөн 2017-жылкы ак түстөгү “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаасын алып, из жашырып кеткендиги көрсөтүлгөн. Натыйжада арыз ээсине жалпы 60 000 АКШ доллары өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
