“Каракол” аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды
видеодон алынган кадр
10 август

“Каракол” аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки биринчи техникалык каттам 10-августта аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды.

Техникалык каттам аэропортту туруктуу эл аралык каттамдарды баштоого даярдоонун маанилүү этабы болуу менен, жаңыланган аэродром инфратүзүмү чоң типтеги аба кемелерин кабыл алууга даяр экендигин тастыктады.

Реконструкциянын алкагында “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле, заманбап жарык-белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулуп, бул аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатты.

Буга чейин аэродромдун мүмкүнчүлүктөрү негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык аба кемелерин, ошондой эле бизнес-жеттерди жана ушундай мүнөздөмөлөрдөгү башка аба кемелерин кабыл алууга багытталган болсо, реконструкциядан кийин аэропорттун инфратүзүмү Airbus A320 жана Boeing 737 түрүндөгү аба кемелери сыяктуу, кыйла чоңурак типтеги аба кемелерин тейлөөгө мүмкүндүк берет. Кең фюзеляждуу башка типтеги аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү алардын конкреттүү эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө жана аэродром инфратүзүмүнө коюлган талаптарга жараша аныкталат.