Ош шаарында жасалма акциздик маркалары бар алкоголсуз суусундуктар аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө жасалма акциздик маркалары бар алкоголсуз суусундуктарды аныктады.
Алкоголсуз продукция өндүргөн өндүрүштүк объектти текшерүү учурунда жасалма акциздик маркалары бар 2 миң 670 даана алкоголсуз суусундук табылып, тартып алынды.
Аталган факты боюнча рейддик салыктык көзөмөлдүн тиешелүү актысы түзүлдү. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Эскерте кетсек, жасалма акциздик маркалары бар 100 бирдикке чейинки акциздик продукцияны саткандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ал эми 100 бирдиктен ашык продукцияны сатууда 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чейин кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Cалык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок же жасалма маркасы бар акциздик продукцияны сатуудан жана сактоодон баш тартууга, ошондой эле сатылып жаткан продукциядагы акциздик маркалардын аныктыгын жана талаптарга шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.
