Кыргызстан менен ЖККУ күн тартибиндеги актуалдуу маселерди талкуулады
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 2-сентябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Таалатбек Масадыков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин уюштурууга жана өткөрүүгө жогорку баасын берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердигине байланыштуу маселелер, анын ичинде Уюмдун Коопсуздук кеңештер катчыларынын комитетинин буга чейин кабыл алынган чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана 2026-жылга пландаштырылган иш-чаралардын ишке ашырылышы талкууланды.
Негизги маселе ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясына даярдык көрүү болду.
Мындан тышкары, региондук коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашылды.
