Алагөзов: үч күн Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар
6 июль

Алагөзов: үч күн Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар

Ушул жылдын 30-31-августу жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишерин айтты. Айрымдары биринчи айымдар менен.

"Себеби айрым президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары болмокчу. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч: ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар. Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот. Үч күн бою жолдор тез-тез жабылып турат.

Мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрдан баштап окуп башташат. 1-сентябрга карата Бишкекке шашылыштын кереги жок. Ошондуктан эс алуу күндөрүңүздөрдү 15-сентябрга чейин азыртадан баштап пландасаңыздар болот", - деди ал.