Чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча агенттиктерге беш жылдык лицензия берилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

Чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча агенттиктерге беш жылдык лицензия берилет

Кыргызстанда эл аралык жумушка орноштуруу жаатында иш алып барган жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине беш жылдык мөөнөткө лицензия берүү сунушталууда.

Бул «Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунда каралган.

Лицензиялоо Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагында жумушка орноштуруу кызматтарына тиешелүү болот.

Ал эми Кыргызстан ичинде гана кадрларды тандоо менен алектенген агенттиктерге өзүнчө лицензия талап кылынбайт.

Анын ордуна алар Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин реестрине милдеттүү түрдө катталып, үч айда бир жолу өз ишмердиги тууралуу отчет берип турушу керек болот.

Мындай тартипти киргизүү менен мамлекетте иштеп жаткан агенттиктердин саны, жумушка орношкон жарандардын саны жана алардын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды тактоо максат кылынууда.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде учурда эмгек рыногунда каттоодон өтпөстөн жана көзөмөлсүз түрдө жумушка орноштуруу кызматтарын көрсөтүп жаткан уюмдар жана жеке жактар бар экени белгиленет.