Ооган тектүү баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатуу менен алектенип жүргөн УКТ мүчөлөрү аныкталды
БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ооган тектүү баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатуу менен алектенип жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
2026-жылдын 17-январында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1988-ж.т. А.А.К. аттуу жарандын автоунасын тинтүү учурунда ооган тектүү гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган, андан аркы иш чаралардын жүрүшүндө К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Такалак” аттуу 1992-ж.т. Т.Ж.Ж. жана 1989-ж.т. Т.И.С. аттуу жарандар кармалышкан. Кармалган Т.И.С. өздүк кароо жүргүзүү учурунда курткасынын чөнтөгүнөн "апийим" баңгизаты табылып алынган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
Кармалган Т.И.С. баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыштуу топтун уюштуруучусу болгону аныкталды. Ал мурда 97 (Киши өлтүрүү), 123 (Адам уурдоо), 233 (Массалык башаламандык) жана 339 (Кылмышты жашыруу, 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси) беренелери боюнча соттолгон жана жазасын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №26-түзөтүү мекемесинде өтөшү керек болчу. Бирок, ал жеке ишкер менен жасалма келишим түзүп, жумушка орношуу жөнүндө күбөлүк алган. Бул жасалма келишимдин негизинде ал эркиндикте жүргөн жана баңгилик кылмыш менен алектенген. Бул факты боюнча тергөө органдары кошумча юридикалык баа беришет.
Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
