Зыян 1,5 млн сом. Лейлекте авиабилет сатам деп жарандарды алдаган жаран кармалды
Лейлек районунда авиабилет сатам деп жарандарды алдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, шектүү 25 жашта. Ал Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деп акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн.
Аталган факты боюнча милицияга жалпысынан 13 жаран арыз менен кайрылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү арыздануучуларга болжол менен 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Бул факт боюнча Лейлек РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Облус аймагындагы жүргүзүлүп жаткан "Алдамчы" иш-чарасынын алкагында шектүү жаран Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
