Баткенде 3,4 млн сомдук ири көлөмдөгү дары-дармек аткезчилиги аныкталды
Баткен облусунун аймагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Кадамжай районунун аймагында кошуна өлкөдөн башка өлкөгө мыйзамсыз ташууга даярдалып жаткан ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталып, алынган.
Тактап айтканда, нистатин, цефтриаксон, цефекон-Д, азитромицин, ампицилин жана психотроптук кошулмасы бар 247 даана “Pregabalin Capsules IP 300 mg NERVIGESIC” дары каражаттары кармалган. Алынган дары-дармектердин жалпы базар баасы 3 477 092 сомду түзөт.
Бул факты боюнча Кыргызстандын 47 жаштагы К.Ш., аттуу жараны кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголду.
Учурда психотроптук кошулмасы бар дары каражаттарына соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо багытында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
