Ош ОИИБ: Араванда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалышты
Араван районунун Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоо боюнча 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер коррупцияга шектелип кармалышты. Алар:
1. Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы 1967-жылы туулган А.Б.,
2. Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1953-жылы туулган А.К.,
3. Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жер адиси 1969-жылы туулган И.А.,
4. Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси 1968-жылы туулган Ю.А.
5. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы адиси 1985-жылы туулган М.У.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде тергелип жаткан кылмыш иши боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
