Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август
Кыргызстандын аймагында дан эгиндерин оруп жыйноого 1459 комбайн тартылды
Кыргызстандын аймагында дан эгиндерин оруп жыйноого 1459 комбайн тартылды.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, комбайндар түшүмдүн бышып жетилүүсүнө карап, аймактарга бөлүндү.
Оруп-жыюу өнөктүгүнүн жүрүшүндө Чүй облусуна Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык дан комбайны тартылып, өнөктүк өз нугунда жүргүзүлүп, жыйынтыктоо алдында турат.
Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпысынан 450 гө жакын дан комбайны катышууда. Алардын ичинен 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылды. 2026-жылы бир комбайнга туура келген иш көлөмү орточо 259 гектарды түздү.
Азыркы учурда оруп-жыюу өнөктүгү Ысык-Көл жана Нарын облустарында башталды.
