Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдайт
видеодон алынган кадр
2 сентябрь

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдайт

Черногориянын туризм министри, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (UN Tourism) Европа боюнча комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Иш сапар эл аралык туризм жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү максатында уюштурулган иш-чаралардын алкагында өтүүдө.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз жана черногориялык тараптар туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, туризмди туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле аймактык демилгелерди европалык туристтик программаларга интеграциялоо маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Черногориянын туризм министри Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышат.

Сапар эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.