Сүлүктү шаарында ири эс алуучу туристтик комплекс курулууда 
Сүлүктү шаарынын мэриясы
21 май

Сүлүктү шаарында ири эс алуучу туристтик комплекс курулууда 

Сүлүктү шаарында эң ири эс алуучу туристтик комплекст курулууда. Бул тууралуу Сүлүктү мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Белес резорт" туристтик комплексинин курулушуна 120 млн сом бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Ачылышы 2026-жылдын жай айларында пландалган объект Сүлүктү шаары жана Лейлек районундагы эң ири эс алуучу жай болот.