«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
Бүгүн, 17-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорун ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырып, мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга документтердин көчүрмөлөрүн берүүдө милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүү талабын жокко чыгарууга багытталганын белгилеп:
«Бул түзөтүү нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатын көздөйт», – деди.
Муну менен катар жыйында «Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Баяндамачы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева маалымдагандай, мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке киргизүү жана эмгек чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында комитет төрагасы Болотбек Борбиев жөлөк пулдарды төлөө системасын заманбап технологияларды колдонуу менен өркүндөтүү, «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керектигин айтты. Ал эми эл өкүлү Улукбек Узакбаев бир катар стилистикалык так эместиктерге көңүл буруп, демилгечилерди колдонулган терминдердин бир түрдүүлүгүн сактоого чакырды. Өз кезегинде депутат Гүлнара Акимбаева каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигине байланышкан маселени тактады.
