Нургазы Анаркулов
17 февраль
Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркуловдун кармалганы айтылууда
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов чек арадан кармалды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазышты.
Анаркулов Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан маалда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 75 адамдын кайрылуусу боюнча иштин алкагында кармалып, Бишкекке алып келинген.
Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Анаркулов 2020-жылы президенттин маалымат кызматын жетектеген. Кийинчерээк пара алууга шектелип кармалган.
