Кырчын капчыгайында ат сүйрөп кеткен 20 жаштагы жигит каза болду
Кырчын капчыгайында ат минүү учурунда кырсыкка кабылып, 20 жаштагы жигит каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Алдын ала маалымат боюнча, жигит ээрден кулап түшүп, буту үзөңгүгө илинип калган. Андан соң ат жүрүшүн улантып, жаш жигитти бир нече жүз метрге чейин сүйрөп кеткен.
Окуяга күбө болгондор башка атчандар жаныбарды кууп барып, бир нече убакыттан кийин атты токтото алышканын билдиришти.
2006-жылы туулган жабырлануучу оор жаракаттар менен Ананьево айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.
Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында окуя учурунда аттан кыз кулап түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучу 20 жаштагы жигит болгонун тактады.
Окуянын жагдайлары такталууда.
