Чүй областында капиталдык оңдоодон кийин 100 орундуу областтык төрөт үйү ачылат
2026-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылына барды.
Сапардын жүрүшүндө министр мурдагы оорукананын имаратына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бул жерде 100 орундуу областтык төрөт үйүн ачуу пландалууда.
Чүй областынын саламаттык сактоо координатору Алмаз Аскаровдун маалыматына ылайык, капиталдык оңдоо иштерине турукташтыруу фондунан каражат бөлүнгөн, иштерди үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгиленгендей, учурда Чүй областтык төрөт үйү мурда бала бакча болуп иштеген имаратта жайгашкан. Бул өз кезегинде толук кандуу адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү чектеп келет.
Долбоорду ишке ашыруу кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн өтүп жаткан энелерге медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап жана талаптарга жооп берген шарттарды түзүүгө, ошондой эле эне жана баланы коргоо тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Министр оңдоо иштерин өз убагында аяктоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.
