Жалал-Абадда көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы 110 көп балалуу энеге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын тапшырды.
Президенттин жарлыктарына ылайык, быйыл облус боюнча 387 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду.
Алардын ичинен 237 эне “Баатыр эне” ордени менен, ал эми 150 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.
Өткөн жылы облус боюнча жалпы 128 энеге орден жана медалдар тапшырылган.
Салтанатта облус башчысы Тилек Текебаев куттуктап, көп балалуу энелердин коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы өзгөчө экени белгиледи.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча “Баатыр эне” орденин алган энелердин жалпы саны 8815ке, ал эми “Эне даңкы” медалынын ээси болгон энелердин саны 1672ге жетти.
