Жол инфраструктурасы: Ош облусунда 325,1 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган
2025-жылы Ош облусунда маанилүү жол долбоорлору ишке ашырылууда.
Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, “Мамлекеттик салымдар беренеси” жана Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен облус боюнча жалпысынан 325,1 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Аткарыла турган иштер район боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
• Өзгөн району – 75,69 км
• Кара-Суу району – 65,26 км
• Алай району – 52,8 км
• Ноокат району – 49,25 км
• Кара-Кулжа району – 24,3 км
• Араван району – 11,5 км
Кара-Суу районундагы “Т” кесилишинде узундугу 600 метрди түзгөн жол төрт тилкелүү кылып кеңейтилүүдө. Долбоордун алкагында кошумча көпүрө курулушу да каралган.
Мындан тышкары, Ош–Кара-Суу багытындагы жолду заманбап талаптарга ылайык кеңейтүү, тротуар жана веложол куруу боюнча долбоор даярдалып жатат.
2025-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында облус боюнча жалпы 112,4 км жолго асфальт төшөлдү.
