2026-жылга карата Ош облусунда 1 шаар жана 5 айыл аймагы дотациядан чыкты
17 февраль

2026-жылга карата Ош облусунда 1 шаар жана 5 айыл аймагы дотациядан чыкты

2026-жылга карата Ош облусунда 1 шаар жана 5 айыл аймагы дотациядан чыкты. Бул тууралуу  президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда маалыма болду.

Облустагы жалпы 61 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинен 2026-жылга карата 26сы дотациядан чыгып, 35и дотацияда калууда.

Дотациядан чыккан аймактар:

  • Алай районунун Гүлчө шаары;
  • Араван районунун Достук айыл аймагы;
  • Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагы;
  • Өзгөн районунун Кароол, Дөң-Булак жана Салам-Алик айыл аймактары.