Көңүл буруңуздар! А.Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
24 март

Көңүл буруңуздар! А.Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 25-март күнү саат 19:00дөн тартып 26-март  саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бул убакыт аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мэрия убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.