Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда шайлоочулар менен иштешет
8 январь

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда шайлоочулар менен иштешет

26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» токтом долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан тартып 10-январын кошуп алгандагы мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.