Президент Аксы районунун акимин алмаштырды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Сыдыков Замирбек Бейшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президенттин башка тескемесине ылайык, Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды.
