Айыл чарба министрлигинин ведомстволук мекемелерине 12 жаңы унаа тапшырылды
6 июль

Айыл чарба министрлигинин ведомстволук мекемелерине 12 жаңы унаа тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 6-июлда министрликтин карамагындагы ведомстволук бөлүмдөргө жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. 

Ведомстводон кабарлашкандай, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 12 жаңы кызматтык автотранспорт Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине, "Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги" мамлекеттик мекемесине, ошондой эле Кыргыз дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар, ветеринардык жана ирригация илимий-изилдөө институттарына тапшырылды.

Министр белгилегендей, жаңы кызматтык унаалар аймактардагы кызматтык иш сапарларды ыкчам уюштурууга, көзөмөл жана мониторинг иштеринин сапатын жогорулатууга, ошондой эле илимий жана өндүрүштүк милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.