Бишкекте 70тен ашуун "түнкү көпөлөктөр" кармалды: айыптын суммасы 600 миң сомду түздү
17 февраль

Бишкекте 70тен ашуун "түнкү көпөлөктөр" кармалды: айыптын суммасы 600 миң сомду түздү

Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери "Притон" аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Рейд өткөн дем алыш күндөрү өткөрүлгөн. Анын натыйжасында интим кызматын көрсөткөн 70ден ашуун адам милицияга жеткирилген. Алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Иш-чаранын жыйынтыгында 30дан ашуун административдик протокол түзүлүп, ар бирине  20 миң сомдон айып салынган. Жалпы айыптын суммасы 600 миң сомду түзгөн. 

Шаардык милиция аталган багытта иштер улана тургандыгын билдирет.