Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Муфтият умра зыяратчыларына кайрылуу жасады
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга байланыштуу умра зыяратчыларына жана умра менен алектенген мекемелерге кайрылуу жасады.
Белгилей кетсек, учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, ыйык умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралды.
Дал ушул себептүү, муфтият төмөнкүлөрдү билдирет:
"Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер. Сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө алдырбастан, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.
Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз".
Белгилей кетсек, 28-февралда Иранга Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын жасаган.
Дүйнөлүк ЖМКлардын акыркы билдирүүлөрүнө таянсак, АКШнын президенти Доналд Трамп Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи жасалган аба чабуулдардан набыт болгондугун жазды. Азырынча анын өлүмүн расмий Тегеран ырастай элек.
