Каттам ачылды! Бишкек — Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланды
17 февраль

Каттам ачылды! Бишкек — Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланды

Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайына түшкɵн кар кɵчкү ыкчам түрдɵ тазаланып, каттам берилди.

Транспорт министрлиги билдиргендей, Сосновка жана Арал өткөрмө постторуна коюлган чектɵɵлɵр алынды.

Тазалоо иштерин министрликтин алдындагы №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүздү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 17-февралында саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түшкɵн.

Кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзгɵн.