Чек арадагы санариптештирүү: Тажикстан Кыргызстандын электрондук кезекти башкаруу системасын ишке киргизүү тажрыйбасын үйрөнүүдө
22 август

Чек арадагы санариптештирүү: Тажикстан Кыргызстандын электрондук кезекти башкаруу системасын ишке киргизүү тажрыйбасын үйрөнүүдө

19–20-август күндөрү Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын өкүлдөрү «Кызыл-Кыя автожол» өткөрмө пунктунда электрондук кезекти башкаруу системасын киргизүү жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын практикалык тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Иш сапар Европа Биримдиги каржылаган «Ready4Trade Central Asia: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу гүлдөп-өнүгүүгө жол» (2024–2028) долбоорунун алкагында Эл аралык соода борбору (ITC) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан биргеликте уюштурулду.

Электрондук кезекти башкаруу системасы — өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүүгө жана кезекти реалдуу убакыт режиминде башкарууга мүмкүндүк берген санариптик чечим. Кыргызстанда бул система 2024-жылдан бери иштеп келет. Ал айдоочуларга kezek.gpti.kg онлайн-платформасы аркылуу чек арадан өтүү убактысын алдын ала брондоого мүмкүнчүлүк берет.

Жүк ташуучу унаалар атайын уюштурулган күтүү аймагына жөнөтүлүп, белгиленген убакыт аралыгына ылайык өткөрмө пунктуна чакырылат. Электрондук кезек системасы чек арадан өтүү убактысын брондоочу онлайн-платформаны гана эмес, өткөрмө пунктундагы тиешелүү жабдууларды — автоунаалардын мамлекеттик номерлерин таануучу камераларды, шлагбаумдарды, маалыматтык такталарды жана операторлордун автоматташтырылган жумуш орундарын да камтыйт.

Таанышуу сапарынын алкагында делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя автожол» өткөрмө пунктуна барды. Тажик тараптын өкүлдөрү жүк ташуучу унаалардын кыймылын уюштуруу схемасы жана күтүү аймагынын иши менен таанышып, инфраструктуранын негизги элементтерин көрүштү. Ошондой эле электрондук кезекти башкаруу системасынын толук иштөө циклин — алдын ала брондоодон жана транспорт каражатынын келгенин каттоодон тартып, аны текшерүү, күтүү жана өткөрмө пунктуна чакыруу процесстерине чейин практика жүзүндө көрүштү.

Практикалык көрсөтүүнүн жүрүшүндө системанын өзгөчө кырдаалдардагы иштөө тартиби, артыкчылык берилген жүк категориялары менен иштөө, жүк ташуучу унаалардын агымы кескин көбөйгөн учурда кезекти башкаруу, айдоочулар менен өз ара байланышуу, колдонуучуларга колдоо көрсөтүү жана системаны күнүмдүк башкаруу маселелери каралды.

Мындай санариптик чечимдердин тажрыйбасын үйрөнүү Тажикстан үчүн өзгөчө актуалдуу. Анткени автомобиль транспорту өлкөнүн транспорттук системасында маанилүү орунду ээлейт. 2025-жылы өлкөдө транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн жалпы көлөмүнүн 95 пайыздан ашыгы автомобиль транспортуна туура келген. Мындай шартта автомобиль өткөрмө пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана чек арадан өтүү процессин алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк түзүү соода жүргүзгөн ишкерлер жана жүк ташуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ.

«Электрондук кезек системасын иштеп чыгууда жана киргизүүдө Кыргызстан Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, атап айтканда Эстониянын алдыңкы тажрыйбасын изилдеп, аны улуттук шарттарга ылайыкташтырды. Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына күчтүү саясий эрк жана жогорку деңгээлдеги ырааттуу колдоо өбөлгө түздү. Бул тажрыйба өткөрмө пункттарын санариптештирүү соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун жана соода коридорлорунун натыйжалуулугун жогорулатуунун таасирдүү куралы боло аларын көрсөтүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов.

Долбоорду каржылаган Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мындай тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Европа Биримдиги чек ара аралык кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун бул маанилүү мисалын кубаттайт. Электрондук кезекти башкаруу системасын ийгиликтүү киргизүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасына Тажикстандын кызыгуусу мамлекеттик чек араларды башкарууну модернизациялоо үчүн чечимдерди биргелешип издөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Макулдашылган, натыйжалуу жана ачык-айкын бажы жол-жоболорун киргизүүгө колдоо көрсөтүү менен биз региондогу өз ара байланыштарды бекемдөөгө, сооданы өнүктүрүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшөбүз», — деп белгиледи Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн программалар боюнча менеджери Козимо Ламберти.

Тажикстандык кесиптештер иш сапардын өлкөдөгү чек ара инфраструктурасын санариптештирүү боюнча мындан аркы кадамдарды пландаштыруу үчүн практикалык маанисин белгилешти.

«Тажик тарап үчүн системанын иш жүзүндө кандай иштеп жатканын көрүү жана кыргызстандык кесиптештер менен анын толук иштөө циклин талкуулоо өзгөчө маанилүү болду. Алынган тажрыйба бизге инфраструктуралык жана уюштуруучулук талаптарды так баалоого, системаны пилоттук негизде киргизүү үчүн ылайыктуу өткөрмө пунктун аныктоого жана Тажикстандын шарттарын эске алган реалдуу моделди иштеп чыгууга жардам берет», — деп белгиледи Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын Эл аралык бажы кызматташтыгы башкармалыгынын башчысы Комёр Ёрмахмадзода.

Кыргыз тарап топтолгон тажрыйбасы жана системаны киргизүүдө алынган практикалык сабактары менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үчүн электрондук кезекти башкаруу системасы жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүүнүн жана чек арадан өтүү процессин алдын ала пландаштыруунун натыйжалуу практикалык куралы болуп калды. Биз Тажикстандагы кесиптештерибиз менен жетишилген жыйынтыктарды гана эмес, системаны киргизүүдө алган тажрыйбабызды — ченемдик-укуктук базадан жана милдеттерди бөлүштүрүүдөн тартып, системаны күнүмдүк пайдаланууга чейинки практикалык сабактарды ачык бөлүшүүгө даярбыз. Мындай тажрыйба алмашуу бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, Борбор Азияда натыйжалуу жана өз ара байланышкан соода чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болот», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева.

Таанышуу сапарынын жыйынтыгында тараптар мындан аркы техникалык тажрыйба алмашуунун, Тажикстан Республикасында жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезекти башкаруу системасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талдоонун жана пилоттук демилгени даярдоонун мүмкүн болгон багыттарын аныкташты.

Бул сапар чек ара процесстерин санариптештирүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана чек ара аркылуу жүк ташууну алдын ала пландаштыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жаатында регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган практикалык кадам болду.

 Ready4Trade Central Asia: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүгө карай жол” (2024-2028) долбоору жөнүндө: Европа Биримдиги каржылап, Эл аралык соода борбору (ЭСБ) ишке ашырып жаткан төрт жылдык техникалык жардам долбоору. Ал Транскаспий транспорттук коридорунун операциялык натыйжалуулугун жогорулатуу жана Борбордук Азиянын бизнесин интернационалдаштырууга көмөктөшүү жолу менен Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбордук Азиянын ортосундагы өз ара байланышты өнүктүрүү боюнча күн тартибин сүрөөгө багытталган. Бул максаттарга чек арадагы формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, сооданы жана транспорттук байланышты өнүктүрүү үчүн аймактык координацияны жакшыртуу, ошондой эле регионалдык рынокторго жана Евробиримдиктин рынокторуна кирүү үчүн МСПнын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу жетишилет.

Европа Биримдиги (ЕБ) жөнүндө: Европа Биримдиги – бул Европанын 27 өлкөсүнүн экономикалык жана саясий биримдиги. Ал адамдын кадыр-баркын урматтоо, эркиндик, демократия, теңдик, укуктун үстөмдүгү жана адам укуктарын, анын ичинде азчылыктарга таандык адам укуктарын сактоо баалуулуктарына негизделген. ЕБ ар бир адам пайда таба алышы үчүн коомдордун, айлана-чөйрөнүн жана экономикалардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында глобалдык деңгээлде иш алып барат.

Эл аралык соода борбору (ЭСБ) жөнүндө: Эл аралык соода борбору (ЭСБ) – бул Дүйнөлүк соода уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) биргелешкен агенттиги. ЭСБ өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдөгү чакан жана орто ишканаларга дүйнөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жардам берет, муну менен бирге “Соодага көмөктөшүү” (Aid-for-Trade) демилгесинин алкагында жана БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттары аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт.