Кыргызстанда «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасы активдүү ишке ашырылууда
22 август

Кыргызстанда «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасы активдүү ишке ашырылууда

Кыргызстанда «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» (1-фаза) программасы активдүү ишке ашырыла баштады. Программа Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 126 айылдык калктуу конушун коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды сууларды чыгаруу кызматтары менен камсыз кылууга багытталган. Анын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.

Бүгүн, 21-августта Чүй облусунун Сокулук районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча райондук кызмат көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө арналган координациялык кеңешме болуп өттү. Мындай ишканалар республиканын 8 районунда түзүлөт.

Кеңешмеге Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адистери катышты.

Катышуучуларга райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананын иштөө модели, каржылоо механизмдери, ошондой эле суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугун сактоо менен өткөрүп берүү тартиби сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананы түзүүнү колдоп, тиешелүү документтерди даярдоону, маселени айылдык кеңештердин сессияларына алып чыгууну жана айыл өкмөттөр менен жаңы муниципалдык ишкананын ортосунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди этап-этабы менен түзүүнү чечишти.

Райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананын түзүлүшү суу тармагындагы реформанын маанилүү баскычы болуп, Сокулук районунун тургундарына ичүүчү суу кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.