Аликбек Жекшенкулов: «Кыргызстан транзиттик мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек»
22 август

Аликбек Жекшенкулов: «Кыргызстан транзиттик мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек»

Дүйнөдө геосаясий тиреш күчөп, мамлекеттердин ортосундагы мамилелер татаалдашып турган учурда транспорттук байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана коопсуздукту камсыз кылуу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. Мурунку Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Кытай менен экономикалык кызматташтык жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөр, өлкөнүн келечеги тууралуу пикир алыштык.

– Аликбек агай, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн тарыхый мүмкүнчүлүкпү же коопсуздук жагынан тобокелчиликтерди күчөтө турган долбоорбу?

– Коомдо бул долбоор боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул табигый көрүнүш. Бирок дүйнөдөгү экономикалык жана геосаясий процесстерди кеңири карасак, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Биз тоолуу өлкөбүз жана деңизге түз чыга албайбыз. Ошондуктан биз үчүн ыңгайлуу, натыйжалуу жана арзан транспорттук байланыштардын бири ушул темир жол болушу мүмкүн. Эгер долбоор толук ишке ашса, Кыргызстан жөн гана керектөөчү эмес, маанилүү транзиттик мамлекетке айланат. Бул өз кезегинде өлкө бюджетине туруктуу киреше алып келүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, жаңы темир жол Борбор Азиядан Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңундагы портторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул кыргыз товарларынын дүйнөлүк рынокко чыгышын жеңилдетип, импорттук жүктөрдү да натыйжалуу жеткирүүгө шарт түзөт. Буга чейин жүктөрдүн негизги бөлүгүн Россия багыты аркылуу ташып келгенбиз. Бирок дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу альтернативдүү транспорттук багыттарды өнүктүрүү мезгил талабы болуп калды. Ошондуктан бул долбоорду биринчи кезекте саясий эмес, экономикалык мүмкүнчүлүк катары кароо зарыл.

– Кытай акыркы жылдары Кыргызстанга ири инвестиция салып жатат. Бул эмнеден кабар берет?

– Менимче, бул эки мамлекеттин ортосундагы ишенимдин бекемделгенинен кабар берет. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Кытай менен чек ара маселесин чечкен. Кытай бул маселеде конструктивдүү позицияны карманган. Эгер чек ара маселеси өз убагында чечилбегенде, сүйлөшүүлөр узакка созулуп, олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн эле.

Коңшу мамлекеттердин ортосундагы талаштуу маселелердин чечилиши экономикалык кызматташтык үчүн да жакшы шарт түзөт. Кытай коңшу өлкөлөр менен туруктуу жана тынч мамиледе болууга кызыкдар экенин дайыма билдирип келет. Бул анын тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири. Ошондуктан Кыргызстан да Кытай менен мамилени өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде өнүктүрүшү керек.

– Ошол эле учурда ири инвестициялар менен бирге улуттук кызыкчылыктарды жана коопсуздукту сактоо маселеси да турат. Кыргызстан бул жерде кандай принциптерди карманышы керек?

– Кандай гана мамлекет болбосун, башка өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкта өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшу керек. Инвестиция – бул мүмкүнчүлүк. Бирок ошол мүмкүнчүлүктү өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багыттоо маанилүү.

Ошол эле учурда Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуу мамилени сактап, бардык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшү зарыл.