"Менин шаарым": 573 000 активдүү колдонуучу жана 1,5 миллиондон ашык жүктөлүп алуу
Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы астында коллегиялык жыйын өттү.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев "Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарымындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарымына карата милдеттери жөнүндө" баяндама жасады.
Санариптештирүү жаатында мэрия шаар тургундары үчүн заманбап электрондук кызматтарды киргизүүнү улантууда.
Учурда бул багытта төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
* "Акылдуу автобус аялдамасы" системасы иштелип чыкты жана жакында ишке киргизилет;
* "Эвакуатор", "Муниципалдык менчик", "Өндүрүш иштеринин эсебин алуу" жана "Санитардык тазалоо" маалымат системалары ишке киргизилди;
* Казуу иштерине электрондук ордер ишке киргизилди;
* Электрондук көмүү реестри түзүлдү.
"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучуларынын саны 573 000ге жетти, ал эми жүктөлүп алынгандардын саны 1,5 миллиондон ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өсүштү билдирет.
