Лингвист жана дин таануучу эксперттер болочоктогу милииция кызматкерлерине экстремизм жана терроризм коркунучу жөнүндө айтып беришти
29 июль

Лингвист жана дин таануучу эксперттер болочоктогу милииция кызматкерлерине экстремизм жана терроризм коркунучу жөнүндө айтып беришти

КРнын СЭКнын Лингвистика жана дин таануу экспертизалар башкармалыгынын эксперттери Б. Садыбакас уулу жана К. Достонбай кызы КРнын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда «Экстремизм жана терроризм коркунучу заманбап дүйнөдө» деген  темада лекция окушту.

Лекциянын жүрүшүндө ички иштер органдарынын болочок кызматкерлери экстремисттик жана террористтик идеологиянын жайылышына байланышкан заманбап чакырыктар менен таанышып, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар боюнча түшүнүк алышты, ошондой эле экстремисттик багыттагы материалдардын белгилери тууралуу билүүгө жетишти.

Лингвистикалык жана дин таануу экспертизалар башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Лекциянын катышуучуларына конкреттүү мисалдардын негизинде соттук-экспертизадагы экстремисттик идеологиянын белгилерин камтыган материалдарды аныктоодо жана изилдөөдө, ошондой эле кылмыш иштерин тергөөдө объективдүү далилдер базасын камсыз кылууда кандай рол ойной тургандыгы түшүндүрүлдү.

Эксперттер кесипкөйлүүлүктүн жогорку деңгээлисиз интернетте жайылтылып жаткан маалыматка укуктук маданияттык жана жоопкерчиликтүү мамиле жасамайынчы, экстремизмге жана терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, иш-чара экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата пландалган программаны ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле КРнын Президентинин Администрациясынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо программаларына Соттук-эксперттик кызматынын эксперттеринин катышуусундагы тематикалык сабактарды киргизүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында уюштурулду.