Кеминде пенсионердин ишенимине кирип, 120 миң сомун алып кеткен жаран кармалды
Чүй ОИИБ
6 июль

Кеминде пенсионердин ишенимине кирип, 120 миң сомун алып кеткен жаран кармалды

Кеминде улгайган жаранды алдап акчасын алып кеткен шектүү кармалды, деп кабарлайт Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 102 кызматы аркылуу эки аял улгайган жарандын акчасын алдап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, Кемин шаарынын тургуну, 1949-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 2026-жылдын 23-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында эки аял үйүнө кирип, ишенимине кирүү жолу менен 120 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен.

Аталган факты боюнча 2026-жылдын 3-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Т.С. кармалып, Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана бардык жагдайларды тактоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.